“БЖАИ” МИнин кызматкерлери накталай эмес төлөм боюнча рейддерди улантууда
“Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы” муниципалдык ишканасынын директору Бакыт Темикеев кызматкерлери менен автобустарда накталай эмес төлөм жүргүзүү боюнча рейд өткөрүп, каттамдарды текшерүүдө.
Белгилей кетсек, автобус айдоочулары жол кире акысын накталай акча менен алган болсо, ал айдоочуга катуу чара көрүлөт.
Урматтуу шаар тургундары! Сиздер айдоочуга берген акча каражаты шаардык бюджетке түшпөй калат. Ошон үчүн жол кире акысын накталай эмес төлөм аркылуу жүргүзүүнү суранабыз.
Эске сала кетсек накталай эмес төлөмдөрдү төмөнкү жолдор менен төлөөгө болот.
үч категориядагы Тулпар транспорттук карталары (стандарттык, мектептик, жеңилдетилген);
– Кыргызстандын бардык банктарынын VISA жана ЭЛКАРТ контактсыз карталары;
– Виртуалдуу NFC картасы;
– Тулпар жана Balance, Mbank, Megapay ж.б тиркемелер менен QR сканерлөө;
– Тулпар тиркемесинде транспорттук кодду киргизүү менен.