УКМКнын Чүй облусу боюнча Жайыл райондук бөлүмүнүн имараты ачылды
Бүгүн, 2023-жылдын 19-октябрында Кара-Балта шаарында КР УКМКнын Чүй облусу боюнча Жайыл райондук бөлүмүнүн имаратынын капиталдык оңдоодон кийин расмий ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары- КР УКМК төрагасы генерал-лейтенант К.К. Ташиев, КР Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү К.С Жумагазиев, Жайыл районунун акими Т.К. Түркбаев, башкармалыктын өздүк курамы жана ардагерлер катышты.
Жаңы имарат бардык заманбап талаптарга жооп берет жана толугу менен улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин натыйжалуу ишин уюштуруу үчүн зарыл болгон заманбап эмеректер менен жабдылган.
КР УКМК төрагасы К.Ташиев өз сөзүндө улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине кайрылып, мамлекеттин коопсуздугу үчүн жүктөлгөн милдеттерди жогорку кесипкөйлүк менен аткаруу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле, өлкөдө укук тартибин чыңдоо, мамлекеттик кызматкерлер арасындагы коррупцияны жоюу жана уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу, коопсуздук кызматкерлеринин башкы милдети экенин кошумчалады.