Зордук-зомбулукка кабылган аялдар жана кыздар «Бирдиктүү терезе» аркылуу кызмат ала алышат

 Зордук-зомбулукка кабылган аялдар жана кыздар «Бирдиктүү терезе» аркылуу кызмат ала алышат

Зордук-зомбулукка кабылган аялдар жана кыздар «Бирдиктүү терезе» аркылуу кызмат ала алышат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Дүйнөлүк банктын гендердик тобунун глобалдык директору Хана Брикси менен жолугушууда билдирди.

 

Жолугушуу 2024-2030-жылдарга карата гендердик стратегия боюнча консультациялардын алкагында өттү.

 

Министрдин айтымында, учурда сексуалдык жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен аялдарга жана кыздарга жардам көрсөтүү борборун ачуу боюнча иштер жүрүп жатат, ал «Бирдиктүү терезе» принциби боюнча кызмат көрсөтөт.

“Зордук-зомбулуктан жабыркагандар медициналык, консультациялык, социалдык, психологиялык, юридикалык кызматтарды, ошондой эле тергөө иштерине колдоо ала алышат. Азыркы учурда парламент депутатынын демилгеси менен “үй – бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору иштелип чыкты, анда гендердик кылмыштар (мажбурлап жана эрте никеге туруу, үй-бүлөлүк зомбулукту криминалдаштыруу) үчүн жоопкерчиликти күчөтүү каралган”, – деп маалымдады Гүлнара Баатырова.

 

Эмгек министрлигинин башчысы өлкөдө 18 кризистик борбор иштеп жатканын, алардын бири муниципалдык борбор экенин, калганы социалдык заказ аркылуу мамлекеттин каржылык колдоосу менен коммерциялык эмес уюмдар тарабынан түзүлгөнүн белгиледи.

 

“Акыркы эки жылда Министрлик тарабынан кризистик борборлорго зомбулуктан аман калган аялдарга керектүү кызматтарды көрсөтүү үчүн 14 млн.сом бөлүнгөн”, – деди ал.

Жолугушууда аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, аялдардын лидерлигин колдоо, гендердик саясат жаатындагы адистердин потенциалын жогорулатуу жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы туруу маселелери талкууланды.

Связанный пост