Жалал-Абад облусунда калктуу конуштардын 74% жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыздалган

 Жалал-Абад облусунда калктуу конуштардын 74% жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыздалган

Жалал-Абад облусунда 448 калктуу конуштун 74% ы жогорку ылдамдыктагы интернет-байланыш менен камсыздалган. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Замирбек Кожомуратов Көк-Жаңгак шаарындагы Ломоносов атындагы №6 орто мектебинде Digital CASA-KR долбоорун ишке ашыруунун презентациясы учурунда билдирди.

 

Ал ошондой эле мамлекеттик тапшырык боюнча “Кыргызтелеком” ААКнын Жалал-Абад облустук филиалы Digital CASA-KR долбоорунун алкагында бул аймактагы була-оптикалык байланыш линияларынын бар болгон аймагын кеңейтип жатканын кошумчалады.

 

Замирбек Кожомуратов белгилегендей, азыркы учурда мамлекет Кыргызстандын региондорун сапаттуу, үзгүлтүксүз жана жогорку ылдамдыктагы интернет-байланыш менен камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурууда.

 

“Долбоордун максаттарына жетүү үчүн бүткүл республика боюнча жаңы Була-оптикалык байланыш линиялары салынууда, 2023-жылдын II кварталынын аягына карата жалпы узундугу 48165 километр була-оптикалык байланыш линиялары тартылды”, – деп белгиледи ал өз сөзүндө.

 

Digital CASA-KR долбоорунун техникалык координатору Азамат Давлеталиев белгилегендей, эки жылдын ичинде кеңири интернет менен камсыздоо боюнча 212 калктуу конуш 10 Гбит/c катышуу түйүнү катары долбоорлонгон жаңы бөлүштүрүү түйүндөрүн жана мектептер, медициналык мекемелер, китепканалар сыяктуу 1432 мамлекеттик социалдык объектилерди, буга чейин мындай туташуу болбогон объектилер сапаттуу интернетке кошулушат.

Связанный пост