Жыл башынан бери Кыргызстан 29 миң тоннадан ашуун төө бурчак экспорттоду
Ушул жылдын сентябрь айында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин дарегине Иран Ислам Республикасынын Айыл чарба жихадынын Өсүмдүктөрдү коргоо уюмунун расмий нотасы келип түшкөн.
Анда Кыргыз Республикасынан Иранга импорттолуп жаткан төө бурчактын кызыл, ак жана пинто түрлөрү Иран үчүн карантиндик фитосанитардык тобокелдиги төмөн болгон товарлардын тизмесине кирээрин жана бул продукцияны Иранга экспорттоодо фитосанитардык сертификат талап кылынары жана “Ден соолук сертификатынын” зарылдыгы жок экендиги белгиленген.
2023-жылдын 9 айынын ичинде Кыргыз Республикасынан Иран Ислам Республикасына төө буурчактын экспорттук көлөмү 5648,25 тоннаны түзгөн.
Мындан тышкары ушул эле убакытта төө буурчак ири көлөмдө Турцияга – 8174,6, Россия Федерациясына – 7794,3, Сербияга – 3363,3, Грузияга – 1441, Индияга – 990 тонна жана башка чет мамлекеттерге бардыгы болуп – 29258,5 тонна экспорттолгон.