Баткен – Ош жолунда эки жаран 30 кг баңгизат менен кармалды
КР УКМК тарабынан узак мөөнөттүү атайын операцияны ишке ашыруунун жүрүшүндө “ТР-КР-УР” каттамы боюнча өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизатын – гашиш жана апийим чийкисин ташуу менен алектенген эл аралык баңги топтун ишмердүүлүгү аныкталып, бөгөт коюлду.
2023-жылдын 11-октябрында Баткен-Ош унаа жолунун Ош облусунун Ноокат районунун аймагындагы ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Россия Федерациясынын жараны Б.С.С. жана Кыргыз Республикасынын жараны Р.Х.Э. кармалып, алардан баңгизат – жалпы салмагы 20 кг гашиш жана 10 кг апийим чийкиси табылып алынды.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, кармалгандар баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип камакка алынды.
Учурда бул кылмыштын башка катышуучуларын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары уланууда.