Ош облусунда нандын бааларына мониторинг жүргүзүлдү
2023-жылдын 11-октябрь күнү Ош облустук бөлүмдүн кызматкерлери, Ноокат райондук администрациясынын кызматкерлери жана райондук салык кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте, Ноокат районунун аймагында нан жасоочуларга жана аймактагы нан сатуучуларга, биринчи сорттогу буудай унунан жасалган бөлкө жана тандыр нандын чекене жана дүң баасынын жогорку чектик денгээли белгилендиги жөнүндөгү буйрук менен тааныштырды.
Бүгүнкү күндө сатылып жаткан 420гр бөлкө наны 26,0 сомдон, ал эми 260гр тандыр наны 25,0 сомдон сатылып жаткандыгы аныкталды.
Ош облустук бөлүмүнүн 2023-жылдын 9-октябрындагы №4/27 буйругу менен, Ош облустунун аймагында сатылуучу биринчи сорттогу буудай унунан жасалган нан (бөлкө нан), нан азыктарынын (тандыр нан) чекене жана дүң баасынын жогорку чектик денгээли белгиленген. Аталган буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө алкагында, башка райондордо да түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.
Аталган иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы “Социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” №455 токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2023-жылдын 3-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын аймагында биринчи сорттогу буудай унунан жасалган нан (бөлкө нан), нан азыктарына (тандыр нан) бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” №129 буйругунун негизинде жүрүп жатат.