Ичүүчү суунун сарамжалдуу пайдаланышы боюнча рейд жүрдү

Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев, “Ош шаар суу канал” муниципалдык ишканасынын тиешелүү адистери менен биргеликте коммерциялык имараттарда ичүүчү суунун сарамжалдуу пайдаланышы боюнча рейд жүргүздү.

Рейд үчүрунда ичүүчү суу менен камсыз кылуу системасындагы суу түтүктөрдүн, эсептегичтердин туура иштешине, пломбалардын болушуна өзгөчө көңүл бурулду.

Текшерүүнүн жыйынтыгында, бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Алсак, «Классик» мейманканасынын суу түтүгү кыркылса, «Улук-Ата» жана «Семетей» кафелериндеги кемчилдиктерди калыбына келтирүү боюнча үч күндүк эскертүү берилип, жеринде административдик жоопкерчиликке тартуу боюнча акт түзүлдү.

Рейддик иш-чаралар улантылат.

Связанный пост