Ноябрь айында кыргызстандыктар үчүн узак дем алыш күндөрү болот
Ноябрь айында кыргызстандыктар беш күн катары менен эс ала турганын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирет.
7 жана 8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү быйыл шейшемби жана шаршембиге туура келет. Буга чейин Министрлер Кабинети 6-ноябрды (дүйшөмбү) 11-ноябрга (ишембиге) жылдырууну бекиткен.
Ошентип кыргызстандыктар 4-8-ноябрга чейин эс алып, 11-ноябрда иштешет.