Бишкекте автобус айдоочулары жол кире акысын акча менен алганы үчүн жумуштан алынды

 Бишкекте автобус айдоочулары жол кире акысын акча менен алганы үчүн жумуштан алынды

“Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы” муниципалдык ишканасында эреже бузган айдоочуларга чара көрүү боюнча комиссиянын жыйыны өттү.

Комиссиянын ишинде жол кире акысын накталай акча менен алган айдоочулардын иши каралды.

Жыйынтыгында №6 каттамдын айдоочусу Жумаев Султанбек, №36 каттамдын айдоочусу Керимбаев Макен, №195 каттамдын айдоочусу Мамбетов Дөөтгүл каттамдан алынды.

Эгерде автобус айдоочулары жол кире акысын накталай акча менен алган болсо, ал айдоочуга катуу чара көрүлөрү буга чейин эскертилген.

– Тулпар тиркемесинде транспорттук кодду киргизүү менен.

Связанный пост