Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев Өзбекстанга расмий иш сапары менен жөнөп кетти
Бүгүн, 25-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Өзбекстан Республикасына расмий иш сапары менен жөнөп кетти.
Расмий сапардын алкагында Төрага Нурланбек Шакиев жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрөт.
Алсак, жолугушууларда эки өлкөнүн ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланары күтүлүүдө.
Кошумчалай кетсек, делегациянын курамында депутаттар Улан Примов, Азизбек Турсунбаев, Айсаракан Абдибаева, Гүлкан Молдобекова, Эльвира Сурабалдиева, Медербек Алиев бар.