МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Казакстанга жумуш сапары менен келди
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Казакстан Республикасынын Тараз шаарына жумуш сапары менен келди.
Жумуш сапарынын алкагында МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 11-жыйынынын тар жана кеңейтилген курамдагы отурумдарына, Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын Биринчи региондор аралык форумуна катышат жана эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Иш-чаралардын соңунда кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 11-жыйынынын протоколуна жана региондор аралык документтерге кол коюлаары күтүлүүдө.