Тышкы иштер министри Ж.Кулубаев ШКУга мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезексиз жыйынына катышты
2023-жылдын 20-сентябрында Нью-Йорк шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.Кулубаев БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын жалпы дебаттарынын алкагында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезексиз жыйынына катышты.
Жыйындын жүрүшүндө министрлер ШКУнун ишмердүүлүгүн заманбап шарттарда өркүндөтүү, анын ичинде ШКУ менен БУУ жана башка эл аралык уюмдардын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө маселелери боюнча пикир алышты.
Муну менен бирге министрлер ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо жолдору тууралуу талкуулашты.
Өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.М.Кулубаев катышуучуларга ШКУнун алкагындагы Кыргыз Республикасынын артыкчылыктуу багыттары жөнүндө маалымат берди. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин башчысы ошондой эле 2023-жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында боло турган ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын (премьер-министрлери) кеңешинин кезектеги жыйынына даярдыктын жүрүшү боюнча маалымат берди.