ЖАКтын №1 мекемесине белгисиз зат ыргыткан жаран кармалды  

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын Молдовановка айылында жайгашкан №1 мекемесинин кызматкерлери кылмышка жана укук бузууга бөгөт коюшту. Түн ортосунда аймакка сырттан белгисиз зат ыргытууга аракет кылган шектүү жаран кармалды.

18-сентябрда түнкү саат 00:18 чамасында бей таныш адам белгисиз затты мекеменин аймагына ыргытып качкан учурда, кызматкерлер тарабынан колго түшүрүлүп өздүгү такталды.

Ал А.А аттуу Кыргыз Республикасынын жараны болуп чыкты. Скочтолуп оролгон жашыл түстөгү жалпы салмагы 269 граммды түзгөн белгисиз затты ыргытканда, дубалдын сыртындагы техникалык жолго түшүп калган.

Аталган факт боюнча эсепке алуу журналына катталып, ыргытылган зат жана укук бузууга аракет кылган А.А аттуу жаран ИИМдин Аламүдүн районунун тергөө бөлүмүнө тапшырылып берилди.

Связанный пост