Бишкекте эл аралык кайрымдуулук марафону өттү

Бишкекте эл аралык кайрымдуулук “BMW LEOPARD RUN” жарым марафону болуп, анын маршруту борбор калаанын негизги көчөлөрү менен өттү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.
Иш-чара мэрдин орун басары Виктория Мозгачева жана “Autocenter Эстокада” BMW маркетинг бөлүмүнүн башчысы Эмир Темирбеков тарабынан ачылды.
Өлкөнүн башкы жарышына 5 миңден ашуун жөө күлүк катышып, анын 600ү чет өлкөдөн Кыргызстанга келген.
Жарыштын катышуучулары 1 (тилектештик дистанциясы), 5, 14, 21,1 км аралыктарды басып өтүшүп, марафондун алкагында Kulikov Kid’s Run аталышындагы 3 жаштан 9 жашка чейинки балдардын чуркоо марафону болду.
Бардык катышуучулар жана күйөрмандар үчүн артисттер менен музыканттардын катышуусунда бай шоу-программа уюштурулуп, иш-чаранын өнөктөштөрү тарабынан түрдүү сынактар өткөрүлдү. Маршрут боюнча бардык күлүктөр үчүн ичүүчү таза суу менен тамактануу пункттары да уюштурулган.
Спорттук мелдештин жыйынтыгында бардык дистанциялар боюнча 1-орундан 3-орунга чейин жеңүүчүлөр атайын медалдар, дипломдор жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.
Кирүү акысынан түшкөн каражаттардын бир бөлүгү жыл сайын кайрымдуулук максаттарына жумшала тургандыгын белгилөөгө болот.

Связанный пост