Баткенде бажы кызматкерлерине кызматтык үй курулду

КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Баткен бажысынын кызматкерлери үчүн кызматтык үйлөр курулуп пайдаланууга берилди.

Салтанаттуу аземге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабековдор катышты.

Жетекчилер үй ээлерин жаңы конуштары менен куттуктап, жаңы батирлердин ачкычын тапшырышты.

18 батирге ылайыкташтырылган турак үйдө, жашоо үчүн бардык керектүү шарттары түзүлгөн.

Курулуш 2022-жылы башталып,бир жыл аралыгында республикалык бюджеттен курулуп бүттү.

Связанный пост