Камчыбек Ташиев: Түрмө – мамлекеттен тартып же менчиктештирип алган пансионаты эмес, түрмө – мыйзам бузгандарды жазага тартыш үчүн курулган

 Камчыбек Ташиев: Түрмө – мамлекеттен тартып же менчиктештирип алган пансионаты эмес, түрмө – мыйзам бузгандарды жазага тартыш үчүн курулган

Камчыбек Ташиев УКМКнын Жумгал районундагы бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземинде атайын кызматтын кызматкерлерин мыйзам бузгандарга кылдат байкоо салып, мамлекеттин тынчтыгына залал келтиргендерге өз убагында чара көрүүгө чакырды.

“30 жылдан бери бир гана саясат менен алектенип келе жатабыз. Мамлекетте 3 жолу төңкөрүш болду, бирибиз бийликке келип камадык, экинчибиз келип чыгардык. Бирок мамлекетибиз өнүгүп, куралдуу күчтөрүбүз чыңдалып, элибиздин жашоо-турмушу жакшырып, жыргап кеткен жок. Эмне үчүн? Себеби буга чейинки мамлекет жетекчилери бир гана саясат үчүн гана сагызгандай шакылдап сайрагандан башка колунан эч нерсе келген жок. Жердеш-жердеш, клан-клан болуп бөлүнүп алышып, чабышып жүрүшкөн, Кыргызстанды эч ким ойлогон эмес.

Мамлекетибизди күчтүү кыла турган убак келди! Ушуну колдонуп калалы! Кыргыз деген улуу атты сактап калыш, өнүктүрүп, кийинки муунга өткөрүп бериш биздин колдо! Ал эми талашып – тартышкан саясатчылар, колунан эч нерсе келбестен, тили менен буудай кууругандар, мамлекетти талап-тоноп алып анан дагы ызы-чуу кылсак экен, тополоң болуп турса экен дегендерди жазасын бериш керек. Башка айла жок. Жакшы сөздү түшүнбөгөндөр бар. Мына, ошолордун кээ бири азыр айтып жатышат: “Түрмөнүн шарты катаал экен, бизге катаал шарт түзүп коюшту ” деп.  Түрмө деген түрмө. Түрмө – мамлекеттен тартып же менчиктештирип алган пансионаты эмес. Түрмө – мыйзам бузгандарды ордуна келтирип, жазага тартыш үчүн курулган. Түрмөнүн шарты жакпаса, мыйзам бузбасын! Мамлекеттин тынчтыгына залал келтиришпесин!

Ал эми мамлекеттин тынчтыгына залал келтиргендерди аныктоо – силердин милдетиңер. Жакшылап карагыла”, – деди Камчыбек Ташиев.

Связанный пост