Үстүбүздөгү жылдын январь-август айларында ички дүң продукттун өсүүсү камсыздалды
Ички дүң продукт (ИДП), алдын-ала баалоолор боюнча, 2023-жылдын январь-августунда ѳткѳн жылдын январь-августуна салыштырмалуу 3,3% жогорулды жана 677 млрд. ашык сомду түздү. Бул тууралуу Улутстаткомунун пресс-кызматы маалымдады.
ИДПнын өсүүсү товардык өндүрүш, жана тейлөө тармактары тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге, товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи өткөн жылдын январь-августуна салыштырмалуу 1,2%, ал эми кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 4,5% өстү.
ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (52,8%) кызмат көрсөтүүчү тармактарга туура келип, өткөн жылдын январь-августуна салыштырмалуу 0,2 пайыздык пунктка азайган, ал эми товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү 28,5% түзүп, 3,6 пайыздык пунктка тѳмѳндѳгѳн. Муну менен бирге, өнөр жайдын үлүшү өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 1,9 пайыздык пунктка, айыл чарбасы 1,4 пайыздык пунктка жана курулушта 0,1 пайыздык пунктка төмөндөгөн.
2023-жылдын январь-августунда экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча ИДП
Млн. сом | ИДПнын өсүү (төмөндөө) темптери | Жыйынтыкка карата пайыз менен | ||
2022 | 2023 | |||
ИДП | 677 231,9 | 103,3 | 100,0 | 100,0 |
Товар өндүрүү тармактары | 193 135,8 | 101,2 | 32,1 | 28,5 |
Айыл чарбасы, токой чарбасы жана балык уулоочулук |
61 417,2 | 98,5 | 10,5 | 9,1 |
Өнөр жай | 100 543,3 | 100,0 | 16,7 | 14,9 |
Пайдалуу кендерди казуу | 15 386,1 | 105,4 | 2,6 | 2,3 |
Иштетүү өндүрүшү (Иштетүү өнөр жайы) |
73 895,1 | 97,8 | 12,3 | 10,9 |
Электр энергия, газ, буу жана | ||||
кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу) | 9 698,3 | 108,6 | 1,6 | 1,4 |
Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу | 1 563,8 | 96,7 | 0,3 | 0,2 |
Курулуш | 31 175,3 | 111,3 | 4,9 | 4,6 |
Кызмат көрсөтүү тармактары | 357 544,7 | 104,5 | 52,6 | 52,8 |
Дүң жана чекене соода; автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо | 91 411,5 | 111,6 | 13,5 | 13,4 |
Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо | 25 263,3 | 107,7 | 3,9 | 3,7 |
Мейманканалардын менен ресторандардын ишмердиги | 8 476,1 | 115,9 | 1,1 | 1,3 |
Маалымат жана байланыш | 15 450,4 | 107,8 | 2,6 | 2,3 |
Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү | 216 943,4 | 100,4 | 31,5 | 32,0 |
Продукттарга таза (субсидияларды эсептебегенде) салыктар | 126 551,4 | 103,3 | 15,3 | 18,7 |