Басмаканадан 136 миң 320 нускада окуу китептери басылып чыкты

 Басмаканадан 136 миң 320 нускада окуу китептери басылып чыкты

“Учкун” ачык акционердик коомунун басмаканасында 136 миң 320 нускада окуу китептери басылып чыкты.

Тагыраагы, 7-класстар үчүн “Физика”, 8-классар үчүн “Химия”, 7-9-класстары үчүн “Информатика” окуу китептери басылды. Бүгүн окуу китептерин мектептерге жеткирүү башталат.

Белгилей кетсек, 2023-жылы республикалык бюджеттен окуу китептерин даярдоого жана басып чыгарууга китеп ижарасынан түшкөн каражаттарды кошкондо 324 млн сом каралган. Быйыл бул каражатка 1 млн 278 миң 255 нускада окуу китептерин басып чыгаруу пландалууда.

Связанный пост