Жалал-Абадда таштанды таштоочу жайларды эффективдүү пайдалануу аракеттери көрүлүүдө
Жалал-Абад облусунун район-шаарларындагы таштанды таштоочу жайларды эффективдүү пайдалануу багытындагы жыйын өттү.
Ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Кыргызстандагы “Азамат-Бол” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Али Маматалиев катышты.
Жолугушууда аталган жоопкерчилиги чектелген коом тарабынан таштандыны кайра иштетүү, аянттарын зыянсыздандыруу, экологияны сактоо жана жергиликтүү бюджетке кошумча киреше табууга багытталган бизнес долбоорлор тартууланды.
Жыйында Сузак району жана Майлуу-Суу шаарынын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү өз аймактарында долбоорду ишке ашырууга кызыкдар экени белгилешти. Мындан сырткары Жалал-Абад шаарында да заманбап жаңы типтеги аялдамаларды куруу долбоору сунушталды.
Ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары облустук бийлик аймактарды өнүктүрүү максатында ички жана чет өлкөлүк инвесторлорду колдоого алаарын айтып, бул багытта район-шаарлардын башчыларынын орун басарларын натыйжалуу иштөөгө жана инвесторлор менен кызматташууга чакырды.