Чек-Абад айылдык аймагында жайгашкан кыргыз-өзбек чегиндеги “Кара-Багыш” өткөрмө бекети ачылды

Бүгүн, 1-сентябрь Араван районунун Чек-Абад айылдык аймагында жайгашкан Кыргыз-Өзбек чегиндеги “Кара-Багыш” өткөрмө бекети ачылды.
Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары У.И.Манапов, Андижан облусунун губернатору Ш.Абдурахманов, Араван районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким С.Д.Кулубаев жана жергиликтүү тургундар катышышты.
Акыркы он жылдан ашуун мезгилде жабык болгон бул чек ара бекетин эки өлкөнүн башчыларынын тапшырмасы негизинде ачылып, Андижан облусунун Мархамат району менен Ош облусунун Араван районунун үзүлүп калган карым-катнашы кайрадан жандангандыгына эки өлкөнүн жергиликтүү тургундары кубанып турат.
Ачылыш аземине келген конокторго чакан концерттик программа уюштурулуп, эки тарап бир бирини куттукташты.
Ал эми чек ара өткөрмө бекети бүгүндөн тарта атайын түзүлгөн графиктин негизинде иш алып барат.

Связанный пост