Эгемендүүлүк: “Тогуз ордо” аймагында маданий иш-чаралар өтүүдө

Ош шаарынын Ленин проспектисинде Республиканын жети дубаны жана Бишкек, Ош шаарлары жайгашкан “Тогуз ордо” аймагында «Түштүк базары» республикалык көргөзмө-жарманкеси жана кароо-сынактар өтүп жатат.

 

Жарманкеде ар бир облус, шаардын тарыхын, кооз табиятын, маданий жана коомдук өзгөчөлүктөрүн чагылдырган “Жергемдин жети керемети”, «Жер эненин жемиши», “Кыялымдагы шаар”, ишкерлердин колунан жасалган заманбап, сапаттуу, бренд товарлардын “Футурама”, «Сарпай», «Өнөркана» аталыштарындагы көргөзмөлөр көрсөтүлдү.

 

Мындан сырткары, обончу, аткаруучулардын «Ыр майрам», фольклордук чебер аспапчылар, ырчылар жана дастанчылар арасында «Эл казынасы» аталыштарындагы сынактар уюштурулду.

 

Бардык маданий кароо-сынактар “Тогуз Ордо” аймагынын борборунда жайгашкан “Ордо сахнада” өтүп, таланттуу келечек муундун ар тараптуу өнөрлөрүн ачып берүү менен көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартуулоо максатында өткөрүлдү.

Связанный пост