Баткенде милиция кызматкерлери эгемендүүлүк күнүнө карата күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт

 Баткенде милиция кызматкерлери эгемендүүлүк күнүнө карата күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт

2023-жылдын 28-август күнү Баткен шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө жана билим күнүнө карата Баткен ОИИБнын жетекчилиги гарнизондук кароо өткөрдү. Гарнизондук кароого Баткен ОИИБдин, шаар-райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн өздүк курамы, ИИМдин Ички аскерлеринин 7707 аскер бөлүгүнүн аскер кызматкерлери, жоокерлери жана ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Баткен облусундагы өзүнчө ротасынын күжүрмөн кызматкерлери, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн, ошондой эле күзөт кызматынын кызматкерлери катышты.

Баткен ОИИБнын начальниги милициянын генерал-майору Мурат Боронов катарда тизилип турган ИИОнун кызматкерлерин эгемендүүлүктүн 31 жылдыгы менен куттуктап, майрам күндөрү коомдук көзөмөлдү күчөтүп, жарандардын коопсуздугун сактоону белгиледи.

Андан сырткары, ар бир бөлүм башчылар коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо багытында башкармалыктын башчысы милициянын генерал-майору Мурат Бороновдун тапшырмаларын жеткирди. Майрам күндөрү жарандардын коопсуздугун сактоо, ошондой эле жол коопсуздугун алдын алуу максатында тийиштүү кызматкерлер кызмат өтөө жагы эскертилип, издөөдө жүргөн жарандардын жүргөн жерин аныктоо боюнча тапшырмалар коюлду.

Бул саптык кароо майрам алдында коомдук тартипти сактоо, майрамга карата кызматкерлердин даярдыктарын текшерүү, коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо, укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алуу максатында уюштурулду. Ар бир кызматкердин кийген формалары, алып жүргөн күбөлүктөрү бир катар текшерүүдөн өтүп, өздүк курамга ИИМдин буйруктары жеткирилди.  Ушундай эле саптык кароо Баткен облус аймагындагы ар бир район-шаарлардагы ички иштер бөлүмдөрүндө өткөрүлүп, Баткен ОИИБдин начальнигинин орун басарлары катышты.

Связанный пост