Мамлекет тарабынан Россияда чыгармачыл багыт боюнча окуп жаткан студенттерге, магистранттарга жана аспиранттарга стипендия төлөнөт

 Мамлекет тарабынан Россияда чыгармачыл багыт боюнча окуп жаткан студенттерге, магистранттарга жана аспиранттарга стипендия төлөнөт

Россиянын мамлекеттик академиялык кичи театрынын алдындагы М. С. Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайында жана Россия театралдык искусство институтунда билим алып жаткан студенттерге, магистранттарга жана аспиранттарга мамлекет тарабынан стипендия төлөнөт.

 

Мындай токтомго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы кол койду.

 

Бул кадам маданият жана искусство мекемелери үчүн жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо, таланттуу жаштарга дем берүү системасын өркүндөтүү, аларды жигердүү жаратмандык ишке кеңири тартуу максатында Роскызматташуунун алкагында Россия Федерациясынын жогорку билим берүү уюмдарында чыгармачылык адистиктер боюнча окуп жаткандарды колдоого багытталат.

 

Токтомго ылайык, алар окуусу аяктаганга чейин студент, магистрант жана такшалма-магистрант ай сайын 15 000 сом, кыргыз тилин окутуучуга 30 000 сом жана группалардын куратору 30 000 сом акчалай алышмакчы. Аталган акчалай материалдык дем берүүчү каражат Маданият министрлиги тарабынан жүргүзүлөт.

 

Мамлекеттик билим берүү гранттардын эсебинен Россия Федериясынын Роскызматташтыгынын алкагында жогорку кесиптик билим алган Кыргыз Республикасынын жарандары Министрликке караштуу маданият жана искусство тармагындагы мекемелерге эки жыл иштеп берүү мөөнөтү менен иштөөгө жиберилет.

 

Ал эми аларды иш менен камсыз кылуу жана бөлүштүрүү тууралуу маалымат кошумча берилет.

 

Эскертүү: Аталган стипендияны Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда Роскызматташуунун алкагында билим алып жаткандар гана ала алат.

Связанный пост