Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери заманбап коммуникация каражаттарын жана технологияларын өздөштүрүүдө

 Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери заманбап коммуникация каражаттарын жана технологияларын өздөштүрүүдө
Заманбап саламаттыкты сактоо жогорку деңгээлдеги медициналык билимди гана эмес, эффективдүү коммуникация жөндөмүн да талап кылат. Саламаттыкты сактоо уюмдарынын коомчулук жана массалык маалымат каражаттары менен сапаттуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Ош шаарынын жана Ош облусунун саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери үчүн тренинг өткөрүү демилгесин көтөрдү. Ушундай эле тренинг Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери үчүн өткөрүлөт жана келечекте башка аймактарды да тартуу жана окутуу пландалууда.
Бул тренингдерди уюштуруунун максаты – тренингдин катышуучуларынын коммуникация чөйрөсүндөгү көндүмдөрүн жана билимдерин өнүктүрүү жана атайын медициналык тармакка багытталган заманбап коммуникациялык куралдарды, анын ичинде социалдык медиа маркетинги (SMM) жана мобилографияны колдонууда ишенимин арттыруу аркылуу кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана позитивдүү тажрыйбаны камсыз кылуу үчүн инсанга багытталган мамилени киргизүү.
Бул тренингдер “Кыргызстанда баштапкы медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүүгө көмөктөшүү” кыргыз-герман GIZ долбоорунун техникалык колдоосу менен өткөрүлүүдө.

Связанный пост