Бишкекте кирүү топтору, көрнөк-жарнактар, кошумча курулуштар буздурулууда. Объектилер демөөрчүлөрдүн эсебинен калыбына келтирилет

 Бишкекте кирүү топтору, көрнөк-жарнактар, кошумча курулуштар буздурулууда. Объектилер демөөрчүлөрдүн эсебинен калыбына келтирилет
Бишкекте кирүү топтору, көрнөк-жарнактар, кошумча курулуштар буздурулууда.
Айрым учурларда, ишкерлер өз билемдик менен объекттерди орнотуп, уруксаты жок же объектилерди башаламан жайгаштырып, шаардыктар жана борбордун коноктору үчүн ыңгайсыздыктарды жаратат (алар муниципалдык аймакка кирип кетишкен).
Белгилей кетсек, калаа мэри Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасы менен борбор калаанын эстетикалык жана архитектуралык көрүнүшүн жакшыртуу максатында мэрдин муниципалдык менчик, жер пайдалануу жана архитектура боюнча орун басары Нурдан Орунтаевдин төрагалыгы алдында бузуу иштерин жүргүзүү коюлган.
Жогорудагы объектилер демонтаждалгандан кийин демөөрчүлөрдүн эсебинен райондук администрациялар тарабынан шаардык кызматтар менен биргеликте имараттардын фасадына оңдоо жана сырдоо иштери жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары, Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жеке ишкерлер өз ыктыярлары менен объектилерди бузуп, кире бериш топторду иретке келтирилүүдө.
Урматтуу ишкерлер! Бишкек шаарынын мэриясы жерди пайдалануу жана курулуш эрежелерин бузбоону суранат.
Эгерде сиз муниципалдык аймакка объекттерди орнотууну пландаштырсаңыз, анда Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинен (Чокморов көч., 246) тиешелүү укук/титул күбөлүктөрүн жана “Бишкекбашкыархитектура” МИден (Чокморов көч., 185) уруксат алуу керек.

Связанный пост