«Түштүк-Батыш» бажысынын кызматкерлери 6 миллион сомдон ашык дары-дармектерди мыйзамсыз ташып келүүгө бөгөт коюшту

«Түштүк-батыш» бажысынын кызматкерлери Ош шаары жана Ош облусу боюнча КР УКМКнын башкы башкармалыгынын 6-бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте ЕАЭБ жана КР бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча бажы контролунун алкагында иш-чараларды өткөрүүдө, КР ЕАЭБ бажы аймагына алып келүүнүн мыйзамдуулугун тастыктаган, коштоочу документтери жок товарларды алып өтүү фактысын аныкташкан.
«Стамбул-Ош» аба каттамында келе жаткан Өзбекстан Республикасынын жараны «Э.А.Р.» коштолгон жүгүндө ассортименттеги дары-дармек товары аныкталган.
«Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын Ош облустук бөлүмү» мекемесинин корутундусуна ылайык, кармалган товарлардын орточо базар наркы 6 634 759 сомду түзгөн.
Факт КБР МКЖ АДСда катталып, материалдар Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилип, учурда Ош облустук сотунун өндүрүшүндө турат.

Связанный пост