«Араб фондунан» үй алып беребиз»,- дешип элди алдаган топтон жабыркагандардын саны 74 адамга жетти
«Араб фондунан» үй алып беребиз»,- дешип элди алдаган топтон жабыркагандардын саны 74 адамга жетти. Бул тууралууу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.
Жабырлануучуларга келтирилген чыгым 75 миллион сомдон ашкан. Ал эми шектүүлөр уй камагына чыгышты.
Бүгүнкү күндө карата Ош шаардык ички иштер башкармалыгына жалпысынан 74 адамдан арыздар келип түшкөн. Дагы жабырлануучулар, арыз жазуучулар болушу мүмкүн. Жабырлануучуларга келтирилген чыгаша 75 миллион сомдон ашкан. «Арабдар берген үйдү» алууга ниеттенип акча салгандардын эӊ азы-350 миӊ болсо, эӊ көбү-11 миллион сомду түзөт. 350 миӊ акча берген адамга Ош шаарындагы И.Монуев көчөсүндөгү мурда өздөрү алдын ала убактылуу жалдап алышкан батирди көрсөтушүп, «ушул батирди беребиз» деп алдап акчасын алышкан(«Башня города Ош»). Ал эми 11 миллион берген жаранга Ош шаарынан көп кабаттуу үйдөн батир, дүкөн жана жер үй убада кылышкан…
Жабыркаган жарандардын көпчүлүгү Ош шаарынын, Ош, Баткен облустарынын тургундары.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан бул алдамчылыктарга шектүү катары 3 жаран кармалышкан. Алар 1995-жылы туулган М.А., 1985 жылы туулган С.Г. жана 1984-жылы туулган Н.К. Шектүүлөр 24-июль күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 26-июль күнү Ош шаардык соту тарабынан үчөө теӊ үй камагына чыгышкан.
Бул жарандардын үстүнөн учурда алдамчылык беренеси (209-берене)менен тергөө иштери уланууда.