Президент Ысык-Көлдө эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоону күчөтүүнү тапшырды
Президент Садыр Жапаров эс алуучулар менен туристтердин коопсуздугун камсыздоону күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
“Президент Жапаров Ички иштер министрлигине, Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө эс алуучулар менен туристтердин коопсуздугун камсыздоо боюнча профилактикалык иш-чараларды күчөтүүнү, анын ичинде суу транспортунун ишмердигин тартипке салууга өзгөчө көңүл бурууну тапшырды”, – деп жазган өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына Султанбаев.