Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде жагдай туруктуу

 Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде жагдай туруктуу
Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2023-жылдын 25-июлунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде жагдай туруктуу деп мүнөздөлөөрүн маалымдайт.

Кечээ, 2023-жылы 24-июлда Баткен облусунун Баткен районунун Дача жергесинде Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандары ортосунда чыккан чыр күч алып кетпеши үчүн чек ара өкүлдөрүнүн, күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин жана Тараптардын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын башчыларынын бир нече жолугушуулары өткөн.

Жолугушуулардын жайынтыгында төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынган:

▶️Тараптардын укук коргоо органдары койгон тосмолорду алып салуу: кыргыз тарап Дача жергесинде, тажик тарап Ходжаи-Аало (ТР) чек ара заставасына бараткан жолдо;
▶️чек арага канатташ аймактарда чек ара чыр-чатагына алып келиши мүмкүн болгон чыр;
▶️чатактардын алдын алууга чараларды көрүү;
▶️Ак-Сай айылында (КР) – Ходжаи –Аало айылында (ТР) – Төрт –Көчө багыты боюнча аймактык укук коргоо органдарынын тарамдарынын биргелешип күзөт жүргүзүүсү.

Мындан тышкары, кечээ тосмолор коюлган жолдордо кыймыл калыбына келтирилген, эки мамлекеттин чек арага канатташ аймактарынын тургундары ортосунда түшүндүрүү иштери жүргөн.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар чырды иликтеп, ага тиешеси бар адамдарды аныктап жана келтирилген чыгымдардын ордун толуктоо маселесин да карашты.

Тажик тарап Кыргыз Республикасынын ИИМнин кызматкеринин автоунаасына келтирилген чыгымдын ордун тургузуп берүүгө даярдыгын билдирди.

Бүгүн, 2023-жылдын 25-июлунда “Кызыл-Бел-автожол” өткөрүү жайында саат 09.00до Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун жана Тажикстан Ресубликасынын Согди облусунун күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда жолугушуу башталды.

Связанный пост