№1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жаңы имаратынын курулушу уланууда

Кызыл-Аскер конушунун Сельсоветская көчөсүндө жайгашкан №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда жер төлөсү менен 3 кабаттуу имараттын курулушу уланууда.
Бүгүнкү күндө бетон иштери, кыш куюу иштери аяктап, электр энергиясы өткөрүлдү. Учурда 3 жана 2-кабаттардын дубалдарын шыбоо, ошондой эле чатырын жабуу иштери жүрүп жатат.
Жаңы имарат 150 кишини кабыл алууга ылайыкталган. Анын жалпы аянты 1402 м2.
Кошумча имаратта ЭКГ, УЗИ, дарыгерлердин кабинеттери, техникалык жана чарбалык бөлмөлөр, стерилизация бөлмөлөрү, жуунучу жайлар болот.
Мындан тышкары долбоордо аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу каралган.
Кошумча имарат куруу үчүн «Нак Строй» ЖЧКсы подряддык уюму менен келишим түзүлгөн.

Связанный пост