«МЭА» ААК 2023-жылдын 6 ай аралыгында 2 млн 500 миңден ашуун жүргүнчүнү тейледи

 «МЭА» ААК 2023-жылдын 6 ай аралыгында 2 млн 500 миңден ашуун жүргүнчүнү тейледи
«Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коому 2023-жылдын 6 ай аралыгында 2 500 522 жүргүнчүнү тейледи. Бул көрсөткүч 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгына салыштырмалуу 12,6% көбөйгөн. 1 785 621 киши эл аралык каттамдардын жүргүнчүлөр агымын түзсө, 714 901 ички каттамдардын жүргүнчүлөр агымын түзгөн.
Жарым жыл ичинде 19 493 каттам ишке ашырылды – бул 2022-жылдын көрсөткүчтөрүнөн 2,5% көбүрөөк. Авиакаттамдардын 13 801 – эл аралык, ал эми 5 692 – ички каттамдар.
📈Аэропорттор боюнча статистика:
 «Манас» эл аралык аэропорту 11 090 каттамды тейледи. Алардын ичинен 8 237 – эл аралык, 2 853 – ички каттамдар. Жүргүнчүлөр агымы 1 328 821 кишини түздү: 970 113 – эл аралык, 358 708 – ички каттамдар.
«МЭА» ААКтын Оштого филиалы 8 111 авиакаттамды тейледи. Алардын ичинен 5 359 – эл аралык, 2 752 – ички каттамдар. Жүргүнчүлөр агымы 1 149 624 кишини түздү. 793 758 жүргүнчү эл аралык багыттарга, 355 866 ички каттамдарга туура келет.
«Ысык – Көл» эл аралык аэропорту 292 каттамды тейледи: 205 эл аралык жана 87 – ички. Жүргүнчүлөр агымы 22 077 кишини түздү. Алардын 21 750 – эл аралык, ал эми 327 – ички багыттардан.

Связанный пост