Ысык-Көлдөн 115 күндө 10 тонна 405 килограмм таштанды чыгарылды
Мамлекет башчысы С.Жапаровдун Жарлыгынын негизинде ӨКМ суучулдары көлдү тазалоону жигердүү улантууда. Азыркы тапта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы, Кара-Ой айылындагы муниципалдык жана жеке менчик эс алуу жайларына караган көл түбү тазаланууда.
Эс алуу жайларын атай кетсек “Ак-Бермет” , “Рахат”, “Алтын-Көл”, “Элинг”, “Евразия” жана ден-соолукту чыңдоо жана “Мөлтүр” кемеси токтоочу жайдын суу түбү текешерилип, тазаланды.
17-июлда 115 күн ичинде Ысык-Көлдүн 215 миң гектарга жакын аянт тазаланып, көл түбүнөн 97 600 метр балык уулоочу тор, 10 тонна 405 кг таштанды чыгарылды.