Алты айда салыктык эмес кирешелерден 37,8 млрд сом түштү

 Алты айда салыктык эмес кирешелерден 37,8 млрд сом түштү

Мамлекеттик бюджеттин жалпы киреше бөлүгүндө салыктык эмес кирешелердин 2023-жылдын биринчи жарым жылына карата мамлекеттик бюджетке салыктык эмес кирешелердин иш жүзүндөгү түшүүсү 37,8 млрд сомду түзүп, жалпы кирешелердин 19,5 % ын түзөт.

2023-жылдын биринчи жарым жылына карата жалпы норматив менен жеткирилген салыктык эмес кирешелердин бекитилген планы 22,6 млрд сомду түзгөн. Ал эми 6 айда аткарылган планы 37,8 млрд сом болуп, пайыздык көрсөткүч такталган планга карата 121,5 % ды түдү. Же болбосо биринчи жарым жылдыгына карата бекитилген пландагыдан 15,1 млрд сомго ашыкча жыйналган.

Натыйжада кошумча киреше булактарын табуунун эсебинен бюджеттин кирешеси көбөйгөн. Ал эми 2022-жылга 6 айына карата салыштырмалуу кирешелер 12,5 млрд сомго көп жыйналып, өсүү ыргагы 149,7 пайызды түздү.

Кыргыз Республикасынын “2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга болжолу жөнүндө” Мыйзамына ылайык дивиденддердин план 3 200,0 млн. сом өлчөмүндө каралган. 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча дивиденддерден түшкөн иш жүзүндөгү киреше 11 170,8 млн. сомду түздү, б.а. жылдык планга карата 349,1 % аткарылган, ал эми 6 айдын планы 1600,0 млн.сом ѳлчѳмүндѳ бекитилген, такталган 6131,8 млн. сом планга ылайык аткарылуусу 182,2% ды түздү жана биринчи жарым жылдыгына карата пландан 5039,05 млн. сомго ашыкча жыйналган.

Связанный пост