Оштон Ысык-Көлгө каттамдардын санын көбөйтүү пландалууда
Ата мекендик «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы 2023-жылдын 28-июлунан тартып Ош-Тамчы-Ош багыты боюнча алгачкы каттамын ачып, ошону менен Оштон Ысык-Көлгө туруктуу каттамдардын санын көбөйтүүнү максат кылууда.
Каттамдар жумасына бир жолу – жума күндөрү аткарылат.
Эскерте кетсек, Тез Жет авиакомпаниясынын учактары аталган багыт боюнча жумасына 6 жолу – шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума, ишемби жана жекшемби күндөрү учат.