Караколдогу жолдун сапатсыз курулушу. Мамлекетке 1.7 млн сом зыян келтирилген

 Караколдогу жолдун сапатсыз курулушу. Мамлекетке 1.7 млн сом зыян келтирилген

Ысык-Көл областынын прокуратурасы тарабынан Каракол шаарынын Кыдыр-Аке көчөсүнүн 1.4 км. жолду реконструкциялоо боюнча текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүү көрсөткөндөй, Дирекциянын айрым кызмат адамдары, өз кызмат абалдарын кыянаттык менен пайдаланышып, аткарылган иштердин көлөмүн ашыкча баалап, аталган жол сапатсыз жасалгандыктан 6 айга жетпей бузулуп, мамлекетке жалпысынан 1 792 887 сом акчалай түрдө зыян келитирилгендиги аныкталган.
Бул факт боюнча Ысык-Көл областтык прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси менен (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Связанный пост