Бишкекте мектептер жана бала бакчалар оңдолуп жатат

Капиталдык курулуш башкармалыгы билим берүү мекемелерин оңдоо иштерин улантууда.

2023-жылга карата курулуштардын  титулдук тизмесинде 54 билим берүү объектисин оңдоо пландаштырылган, анын ичинде: 25 мектеп, 26 мектепке чейинки билим берүү уюму жана 3 балдар чыгармачылык борбору.

Учурда 11 билим берүү объектисинде түтүктөрдү жана санитардык приборлорду  алмаштыруу менен тазалык түйүндөрү жана имараттардын ичине капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

15 объектиде жылуулук тутумун оңдоо иштери жүрүп жатат, 9 объектинин чатыры алмаштырылууда. Балдардын чыгармачылык борборунда тышкы электр кабели алмаштырылып, 5 объектиде электр монтаждоо иштери, 12 объектиде жалпы оңдоо курулуш жумуштары жүргүзүлүүдө.

Связанный пост