Ош базарында мыйзамсыз сооданы жоюу боюнча рейддер уланууда

«Ош базары» соода базар комплексинин аймагында башаламан соодага каршы мобилдик топ ишин улантууда.

Алсак, 2023-жылдан баштап «Ош базары» СБК аймагында Ленин муниципалдык администрациясы тарабынан Ленин райондук ички иштер башкармалыгы, «Тазалык» мугиципалдык ишканасы менен биргеликте 89 рейддик иш-чара өткөрүлүп, башаламан сооданы жайылткан 154 объект (кол чатырлар, чатырлар, столдор, темир конструкциялар, жыгач конструкциялар, отургучтар, манекендер) алынды.

23 араба кампага жеткирилди. Кошумчалай кетсек, К.Акиев жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги, Айни жана Ш.Руставели, Ч.Тыналиев көчөлөрүндө (аялдаманын жанында) башаламан соода сатыктарды жоюу иш-чаралары уланууда.

Связанный пост