5 айда алкоголсуз суусундуктардан 275 млн сом акциз салыгы түштү

 5 айда алкоголсуз суусундуктардан 275 млн сом акциз салыгы түштү

2023-жылдын 5 айында Мамлекеттик салык кызматы алкоголсуз суусундуктардан 275,6 млн сом акциз салыгын чогултту.

Жалпысынан бул продукцияга акциз салыгы киргизилгенден бери бюджетке 445,9 млн сом түшкөн.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 1-июлунан тартып ТЭИ ТН 2202 товардык позициясына киргизилген алкоголсуз суусундуктарды (кант же аны алмаштыруучу же даамдуу-жыт берүүчү заттарды камтыган суу) өндүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоого акциз салыгы салынат.

2024-жылдын 1-январынан тартып бул продукция акциз жыйымынын маркасы менен милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш, ошондой эле акциз салыгынын ставкасы 1 сомго жогорулайт (1 литр үчүн).

Связанный пост