Ош улуттук драма театрынын айланасын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери башталды

Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын айланасын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери башталды.

Долбоорго ылайык, көчөлөрдү жарыктандыруу системаларын, ирригациялык тармактарды, фонтанды жаңылоо, брусчаткаларды төшөө, отургучтарды орнотуу боюнча ар тараптуу иштер жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, долбоор Ош шаарынын мэриясы жана АРИС уюму менен биргеликте шаар аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында макулдашылган беш долбоордун алкагында ишке ашууда.

Связанный пост