Бишкекте 14 чакырым тротуар салынып жатат

 Бишкекте 14 чакырым тротуар салынып жатат

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы  көчөлөрдүн 8 тилкесинде тротуарларды капиталдык курууну улантууда. Тротуардын жалпы узундугу 14 км түзөт.

Учурда төмөнкү көчөлөрдүн тилкелеринде иштер уланууда:

– Чүй проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Т.Айтматов көчөсүнө чейин (түндүк тарабы);
– Чүй проспектиси боюнча Осмонкул көчөсүнөн Гоголь көчөсүнө чейин (түштүк тарабы);
– Горький  көчөсү Карасуу көчөсүнөн Тынчтык проспектисине чейин (түндүк тарабы);
– Фучик көчөсү «Газпром-Кыргызстан» ААКсынын кеңсесинен  Рыскулов көчөсүнө чейин (батыш тарабы);
– Махатма Ганди көчөсү Жибек Жолу проспектисинен Саадаев көчөсүнө чейин;
– Сухэ- Батор көчөсү Каралаев көчөсүнөн Токомбаев көчөсүнө чейин (түштүк тарабы);
– Юнусалиев көчөсү Ахунбаев көчөсүнөн Донецкий көчөсүнө чейин.

Ошондой эле, Садырбаев көчөсүн бойлой Семетей көчөсүнөн Масалиев көчөсүнө чейин чыгыш тараптан 2800 погон метр тротуар орнотулган веложол бүтүрүү алдында турат. Жакында Шабдан Баатыр көчөсүнүн эки тарабында Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин тротуар жабдылат.

Урматтуу шаар тургундары! Объекттерде иш график боюнча тынымсыз жүргүзүлүп жатат. Сабырдуу болуп,  биздин ишибизге түшүнүү менен мамиле кылууга чакырабыз.

Связанный пост