Ош шаарында прокуратура тарабынан 20 млн сомдук жер тилкеси кайтарылды

 Ош шаарында прокуратура тарабынан 20 млн сомдук жер тилкеси кайтарылды

Ош шаардык прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын жер мамилелерин жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү.

 

Текшерүүдө, Ош шаардык мэриясы 404 ч.м. жер тилкесин Т.К. аттуу жаранга мыйзамсыз түрдө, аукцион өткөрбөстөн сатып, анын негизинде жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актысы берилгендиги аныкталган.

 

Ош шаардык прокуратурасы тарабынан сот органдарына доо арыздар келтирилип, кароонун жыйынтыгы менен толук менен канааттандырылган. Келтирилген прокурордук чара көрүү актысынын негизинде базар баасы 20 млн. 200 миң сомдук жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.

Связанный пост