5 айда Жалал-Абад облусуна 401,4 млн сом бөлүндү
Жалал-Абад облусу боюнча 2023-жылдын 5 айынын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер катары 401,4 млн сом акча каражаты каржыланган. Алар:
Бюджеттер аралык трансферттер:
- Теңдөөчү трансферт-229,4 млн сом;
- Ыйгарым укуктарды берүүгө-21,9 млн сом;
- Электрэнергиясына болгон 50% компенсациясына-12,6 млн сом;
- Жалал-Абад шаарын өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы №41-т тескемесин аткарууга-117,5 млн сом;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-январындагы №21-р тескемесинин 1-пунктунун негизинде, Майлуу-Суу шаарынын тургундарын жылуулук менен камсыз кылуу үчүн (жылытууга)-20,0 млн сом каржыланды.