Президенттин тапшырмасы менен Талдык айылындагы бала бакчанын курулушу аяктап, колдонууга берилди

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош облусунун Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл аймагынын Талдык айылындагы  бала бакчанын курулушу бүткөрүлдү.

Ош облусунун Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл аймагынын Талдык айылындагы бул бала бакчанын курулушу республикалык бюджеттин эсебинен 2015-жылы башталган.

Аталган бала бакча эки кабаттуу имарат болуп долбоорлонгон. Жалпы аянты 828,8 чарчы метрин түзгөн билим берүү объектинин кубаттуулугу 60 орунга эсептелген.

Долбоорго ылайык бала бакчада балдар үчүн санитардык нормаларды сактоо үчүн жана билим берүү программаларына ылайыкталган төмөндөгү шарттар каралган: сабактарды жана оюндарды өткөрүү үчүн бөлмөлөр, уктоочу бөлмөлөр, кийим чечүүчү жайлар, ашкана, буфет, жашылча-жемиштерди жана кургак азыктарды сактоочу бөлмөлөр, санитардык түйүндөр. Андан тышкары гимнастика менен машыгуу үчүн бөлмө, музыкалык сабактар бөлмөсү жана медициналык кабинет каралган. Бала бакчанын аймагында балдар үчүн оюн зоналары – жабдылган аянтчалар жана беседкалар курулду.

Бүгүнкү күндө бала бакчанын курулуш жумуштары толугу менен бүткөрүлүп, эмерек жана техникалык жабдуулары орнотулду.

Связанный пост