Баткендеги Капчыгай айылынын жолу асфальтталууда
Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнө караштуу Капчыгай айылынын жолуна асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жеринде №2 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери иштеп жатышат.
Жалпы үч чакырым жолго асфальт жаткыруу иштери 24-майда башталган. Жолчулар бул убакыт аралыгында айылды калыбына келтирүү иштерине көмөктөшүп, андан соң асфальт жаткыруу жумуштары жүргөн. Азыркы тапта 2 чакырым 600 метр жерге асфальт төшөлүп, иш аягына чыгуу алдында турат.
Баса белгилеп кетчү жагдай, жол куруу иштери бардык нормаларга жооп берет.