Борбор калаада мектеп алдындагы ден соолукту чыңдоо лагери иштейт

 Борбор калаада мектеп алдындагы ден соолукту чыңдоо лагери иштейт

№25 орто мектептин базасында мектеп окуучуларынын ден соолукту чыңдоо лагери түзүлгөн.

Лагерде №25 орто мектептин жана №74 мектептин 200 окуучусу камтылган. Мугалимдер алар менен вожатый ролунда иштешет, ошондой эле психолог иштейт.

Лагерде окуучулардын активдүү эс алуусу, ачык сейилдөө, эс алуу иш-чаралары: эртең мененки көнүгүү, спорттук мелдештер, театрга, музейлерге саякаттар,  эстафеталар, сынактык оюндар, викториналар, патриоттук ырлар каралган. Ошондой эле хобби ийримдери бар.
Лагердин катышуучулары руханий-патриоттук тарбиялоо максатында көрүнүктүү аскер башчы Михаил Фрунзенин музейине барышты.

Музейге балдардын коопсуздугу үчүн мугалимдер, вожатыйлар, медициналык кызматкер, мектептин китепканачысы жана ата-энелер тартылды. Музейге баруу транспорт жана жол кайгуул кызматынын коштоосунда өттү.

Маалымдама: Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы «Инсанды руханий-адептик жактан өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүүдө.

Связанный пост