Жаңы-Жер айылында кафе өрттөндү. 1 адам жаракат алды

Бүгүн, 12-июнь күнү Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы кафеден өрт чыккан.

Өрт кырсыгы катталган аймакка Сокулук райондук №7 ӨКБдан 1, жарым сааттан соң кошумча аталган өрт куткаруу бөлүгүнөн дагы 1 күжүрмөн эсеп жардамга барган.

Күжүрмөн эсептин аракети менен тилсиз жоо 11:03тө чектөөгө алынып, 13:30да толук өчүрүлгөн.

Кырсыктын кесепетинен кафенин 70 чарчы метр аянты, жанаша жайгашкан автомектептин 40 чарчы метри күйүп, 1994-жылы туулган А. Э. аттуу жаран жеңил жаракат алган. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.

Связанный пост