Кыргызстанда “Техникалык абал” жана “Коомдук тарнспорт” аталышында рейд өткөрүлүп, 28 миңден ашуун бузуулар  аныкталды

Кыргызстандын аймагында  “Техникалык абал” жана “Коомдук тарнспорт”  аталышында  рейд өткөрүлүп, 28 142  бузуулар  аныкталды. Бул тууралуу ЖКККББнын  басма сөз кызматы маалымдады.

Жол кыймылынын коопсуздугун  камсыздоо башкы башкармалыгынын техникалык көзөмлөдөө  бөлүмү тарабынан 23-апрелден  тартып, 31-майга чейин, жалпы республиканын аймагында “Техникалык абал” жана “Коомдук тарнспорт”  аталышында профилактикалык рейддик иш-чара өткөрүлүп, жүргүнчүлөрдү ташыган коомдук транспорттор, автобустар, кичи маршруттук унаалар  текшерилип, бир ай ичинде 28 142 кемчиликтер аныталды.

Алардын ичинен:

-Техникалык оң абалда эмес унаалар -141 (182-берененин 1-бөлүгү) ;

-Техникалык кароодон өтпөгөн унаалар -153 (182-берененин 2-бөлүгү) ;

-Техникалык оң абалда эмес унааларга каттамга чыгууга уруксат берүү -13  (182-берененин 7-бөлүгү)

-Жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелерин бузуу  -59 (199-берене )

-Лицензиясыз (уруксатсыз) ишкердик ишти жүргүзүү  -13 (184-берененин 1-бөлүгү)

-Башка эреже бузуулар -27 763.

Связанный пост