Азия чемпионатынын алкагында “Алыш” белбоо күрөшүнүн классикалык түрү боюнча КРнын курама командасы 7 медаль жеңди
Бүгүн, 23-май күнү Өзбекстандын Жизак шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатынын алкагында “Алыш” белбоо күрөшүнүн классикалык түрү боюнча беттештер жыйынтыкталды. Кыргызстандын курама командасынын мучөлөрү жалпы 7 медаль (6 алтын, 1 коло) жеңди.
Кыз-келиндер арасында 55 кг салмакта Элзада Момунжанова жана +75 кг салмак категориясында Айжан Анарбекова алтын медалга ээ болушту. Ал эми 60 кг салмакта Бегайым Акбалаева коло медалга татыктуу болду.
Эркектер арасында 60 кг салмакта Роман Сапаров, 70 кг салмакта Марлен Абдурасулов, 80 кг салмак категориясында Элдияр Сексенбаев жана 90 кг салмакта Нурсултан Бочонов 1-орунду ээлеп, Азия чемпиондору аталышты.
Белгилей кетсек, бүгүн килемде “алыш” белбоо күрөшүнүн эркин түрү боюнча беттештер өтүүдө.