Төрага Нурланбек Шакиев жеке мектептердеги алдыңкы тажрыйбаларды мамлекеттик билим берүү мекемелеринде да колдонууга чакырды

Бүгүн, 23-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Кемин районундагы Шабдан айылында жайгашкан Билимкана-Шабдан мектебинин ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу КРнын Жогорку  Кеңешинин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү маалымдады.

Белгилей кетсек, глобалдык деңгээлдеги атаандаштыкка жөндөмдүү жаштардын жаңы муунун жаратуу максатын көздөгөн Билимкана фондунун алдында Кыргызстан боюнча 16 мектеп иш алып барат. Аларда 5500гө жакын окуучу билим алып, 1200дөн ашуун мугалим эмгектенет. Анын ичинен Билимкана-Шабдан мектебинде 146 окуучу окуйт. Жеке менчикке таандык аталган билим берүү мекемеси англис тилин жана математиканы тереңдетип окутууга ылайыкташкандыктан, жергиликтүү эле эмес, башка айыл-шаарлардан келип жатып окугандар да арбын.

Түзүлгөн шарт-жагдайды жана окутуу процессин көрүп чыккан Төрага жеке менчик мектептердеги тажрыйбаны мамлекеттик билим берүү мекемелеринде да пайдалануу маселесин көтөрүп: “Анткени, калыптанган билим берүү тутумун жаңылоого жана заманбап окуу усулдарын колдонууга мезгил жетти. Биз кескин кадамдарга баруу менен гана келечекке керектүү, коомду алдыга сүрөй турган жаштарды тарбиялай алабыз”,– деди.

Муну менен катар замапбап мектептин борбордон алыс айылда иштеп жаткандыгына жогору баасын берген Төрага башка аймактарга да ушундай алдыңкы мектептерди ачуу керектигин кошумчалады.

Эске салсак, Төрага Нурланбек Шакиевди депутаттар Айбек Маткеримов, Эмиль Токтошев, Жанарбек Акаев, билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев баштаган жергиликтүү бийлик жетекчилери коштоп жүрдү.

Связанный пост